www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караганды облусунун Каркаралы районундагы өрттүн аянты беш эсеге кеңейип, бир суткада 2700 гектарга жетти. Өрттөнгөн аймактын бир жарым миң гектары мамлекеттик токой коругуна кирет. Бул тууралуу Казакстан Ички иштер министрлиги кабарлады. Бул тууралууц маалыматты Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Юрий Ильин 14-августта өткөн брифинг учурунда Каркаралы районунда жагдай кыйын экенин айтты. Анын билдиришинче, өрттү өчүрүүгө токой чарба комитети, жергиликтүү аткаруу органдары, ИИМ бөлүктөрү тартылды.

12-августта Каркаралы районундагы Егиндибулак айлынан 30 чакырым аралыктагы жерде куураган чөп өрттөнүп, жалын Бакты токоюн каптаган.

13-августта Каркаралы районунун акимчилиги аймакта өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости