www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Барселонада карантиндик чаралар күчөтүлгөндөн кийин массалык башаламандыктар башталды. Бул тууралуу Каталониянын Mossos de Escuadra укук коргоо органдары Twitter баракчасына жазды.

Акция калаанын чок ортосунда, мэрияга жакын жердеги ыйык Иаков аянтында башталган. Шаардык гвардиянын маалыматы боюнча, митингге бир жарым миңге жакын адам катышкан.

Андан соң митингчилер полиция тарапка түтүн чыгаруучу шашка, петарда атып, күйүүчү заттарды ыргытышкан. Башаламандыктар Готика кварталында болуп жатат. Укук коргоо органдары жергиликтүү тургундарды аталган аймактарга барбай турууга чакырууда. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр жана Тез жардам кызматы иштеп жатат. 

Эске салсак, 29-октябрда Каталония бийлиги карантиндик чаралар күчөтүлгөнүн жарыялап, Испан автономиялык коомчулугуна кирип-чыгууга 15 күнгө тыюу салган. Муниципалитеттер аралык каттамга дагы чектөө киргизилип, соода борборлору, театрлар, кино жана маданий борборлордун ишине жана тайпа менен спорттук машыгууларга, ресторан менен барлар да жабылган. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости