www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-ноябрдан 10-ноябрга чейин өлкө боюнча мектептер күзгү каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 11-ноябрдан баштап мектептерде экинчи чейректин окуусу башталат.

Буга чейин күзгү каникул бир жумага созулары айтылган. Бирок 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет. Майрам ишемби жана жекшемби күндөргө туура келип калгандыктан дем алыш дүйшөмбү жана шейшембиге жылдырылат.

Эске салсак, өлкө боюнча мектептер коронавирус пандемиясынан улам биринчи чейректи аралыктан окушту. 1-класстар сентябрь айы мектепке барып окуп, кийин өлкөдөгү саясий кырдаалдан улам дистанттык формага өткөн.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Республикалык штаб менен Саламаттык сактоо министрлигине экинчи чейректе мектептерди ачуу сунушун бергенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости