www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас ОСМОН: «Аксакалдар кеңеши» жөнүндө эки сөз

Үлкөн мамлекеттердин 2000 жылдан берки саясий жана социалдык турмушунда "аксакалдар" институтунун орду бийик. Мындай институтту орустар "старейшины", түрктөр болсо, "ihtiyarlar heyeti" деп атап коёт. Алар Моссад менен Синхуанын түзүмүнөн да күчтүү. Мына ошолор мамлекеттин сырткы жана ички коопсуздугу боюнча жашыруун иш алып барышат. Агенттери өзгөчө тарбия көргөн, ийне көзүнөн өткөн чыныгы профессионалдар. "Старейшындардын" мүчөлөрү чөнтөгүнө "сиянур" (уунун түрү) салып жүрүшөт деп окуган жайым бар. Кокустан башка өлкөлөрдүн агенттерине колго түшүп калса, сиянурду жутуп жиберишет экен. Жыйынтыгында, өлкөнүн коопсуздугуна байланышкан сырлар ашкере болбойт.

Эми биздин шартыбызда, баласына, кызына, небересине иш сурап, премьерлердин эшигин тытмалаган аксакалдар өлкөбүздүн коопсуздугу жана келечеги үчүн "старейшын" болалышпайт. Бирок, эмне болгон күндө да, ушул институт бизде түзүлүшү шарт. Мындай зарылчылык эң ириде төңкөрүштөрдү, анархияларды жана мамлекеттик кызматтарды басып алууларды токтотот. Эгер бүгүнкү күнү жүздөгөн жылдан бери жашоосун улантып келаткан "аксакалдар кеңеши" делген тарыхый институт болгондо, учурдагы жаңы бийликтин багытын аныктап, бийлик бутактарынын баарын укуктук талаага киргизип бермек. Башмыйзамдын тагдырын чечип, шайлоолорду аныктап, жол көрсөтмөк.

Бүгүн төңкөрүшчү бийликти сынап, "кана, колдорунан келээр бекен. Кошуналар да, үлкөн мамлекеттер да, чек араларын жаап, каржылоону  токтотуп салышты" - деп, карап турабыз. Кимдерге өчөшүп атабыз? Мамлекеткеби же, Садыр Жапаровгобу? Аксакалы да, көксакалы да,  сынагансып, үнүн чыгарышпайт! Ар күн сайын билимсиз, караңгы коомдун союлу мамлекеттин башына тийип атат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости