www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерди кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Бүгүн кыргыз милициясы өзүнүн кесиптик майрамын белгилеп жатат! Бул майрам — милиция кызматкерлеринин муундан-муунга сиңирип келген эмгегин мамлекеттик деңгээлде таануу, алардын жан аябастан өтөп жаткан кызматына коомдун сый көрсөтүүсү болуп эсептелет.

Ички иштер органдарынын тарыхында эрдиктин жана баатырдыктын үлгүлөрү көп. Түзүлгөн күндөн тартып милициянын кызматкерлери басмачыларга каршы күрөшүп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдары эрдик менен душмандарга каршы кармашып, согуштун жалыны жетпеген жерлерде укук тартибин камсыз кылышса, согуштан кийин мамлекетти кылмыштуу кол салуулардан сактап келишкен.

Учурда милициянын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик милдеттерин терең билип, коомдо жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн татаал шарттарында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарып, мыйзамдын, адам укуктарынын сакчылары болууда жана уюшкан, улут аралык мүнөзгө айланган кылмыштуулукка, терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүп келүүдө. Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдардын бекем сакталышын көздөп, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрөт деп Сиздерге терең ишенем.

Ошондой эле өздөрүнүн көп жылдык билимин жана тажрыйбасын жаш муундарга берип жаткан урматтуу ардагерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Биз өлкөдөгү коомдук тартипти сактоодо жөнөкөй жарандардын жардамына таянабыз жана алардын пикирлерин жогору баалайбыз.

Ички иштер органдарынын өздүк курамын жана урматтуу ардагерлерин Милиция күнү менен чын жүрөктөн куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Сиздерге жана Сиздердин жакындарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай жана Кыргызстан элинин бейпилдиги үчүн өтөп жаткан маанилүү кызматыңыздарга ийгиликтерди каалайм!» 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости