www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-февралда билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиев комитет жыйында депутат Элмурза Сатыбалдиевдин суроосуна жооп берип жатып, кантип Садыр Жапаровдун командасына кошулуп калганын айтты.

"Мен шайлоодо оппонент болгонум — бул бир гана парламентаризмди коргоо үчүн болгон. Баш-отумду сайып… Бирок силердин убалыңарга мурдагы парламент калды, канатыңарды кыркып салды, тилекке каршы… Элдин чечимин сыйлаш керек. Эл президенттик-парламенттик жолду тандады. Садыр Нургожоевичке рахмат, жеке бири-бирибизге болгон сын-пикирди аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук", — деди ал.

"Мен ушундай эле жооп берет деп сизден күткөм. Демек, азыр иштеп жаткан Жапаровдун командасы сиздин купулуңузга толот экен да?" — деди депутат.

Иманалиев "ооба" деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости