www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаровдун алтын боюнча суроолорго берген жоопторун окудум. Анын ичинде мени жана Адахан Мадумаровдун атын атады. Элди "алтын уурдалды" дешип алдашты, комиссияда иштегенден качышты, жоопкерчиликтен коркушту ж.б.у.с. айттыптыр. Жапаров кабмин төрагасы болгондуктан  жооп бербей коюуга болбойт. 

Парламенттин чечими менен бардык фракция лидерлери комиссиянын курамынан чыгарылды, мен жеке себептерден улам төрагалык кылуудан баш тарттым. Бирок мен комиссия мүчөсүмүн.

Эч качан, эч жерде мен да, Адахан да алтын уурдоо тууралуу айткан эмеспиз. Экологияга келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылуу керектигин, кендин мамлекетке өткөнү жакшы экенин дайыма эскертип келем.

Айта кетсек, 2021-жылдын биринчи жарымында дагы 19 тонна алтын сатылган. Бул мурунку өкмөттүн резерви. Бирок бул нормалдуу процесс. Кыязы, ал келишим тууралуу бирөө айтты окшойт, аны «жаңылыш» бизге жабыштырдың.
  
Акыл, (мен седен улуумун) кээде маалыматты текшерип туруу керек, антпесе жаш курак дагы мындай "ката кетирүүгө" жол бербейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости