www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сириядагы козголоңчулар Дамаскты басып алган соң, анын мурдагы президенти Башар Асад учуп өлкөдөн чыгып кеткен.
Кремлге тиешелүү булактар «Сирия президенти Асад үй-бүлөсү менен Москвага келди. Гуманитардык көз караштан улам ага баш калкалоо берилди», — деп билдиришти.
Ошондой эле Сириядагы куралдуу оппозициянын лидерлери Россиянын аскердик базаларын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн коопсуздугуна кепилдик беришкени, Кремль да сирия элинин кызыкчылыгы жана эки тараптуу мамилелердин уланышы үчүн саясий пикир алышууга үмүт артары айтылды.
8-декабрга караган түнү куралдуу козголоңчулар Дамаскка киришкен.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги 8-декабрь күнү Башар Асад козголоңчулар менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, президенттик кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген.
Башар Асад 59 жашта. Ал Сирияны 2000-жылдан тарта башкарган. Анын атасы Хафез Асад ага чейин өлкө президенти болгон.