www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Улан Пиримовдун мамлекет тарабынан берилчү сүйүнчү пулду бардык үй бүлөлөргө эмес, жетишпеген үй бүлөлөргө, тоолуу райондорго  берели деген сунушу Каржы министри Адылбек Касымалиевге жакканы менен көпчүлүккө жаккан жок. Маселен, сүйүнчү пулдан республикалык бюджетти үнөмдөбөй эле коюшса болмок. Сүйүнчү пулга муктаждарды кантип аныкташат?

Андан көрө айлыкты да, ири суммадагы пенсияны да алып отургандардан үнөмдөөнүн жолун ойлошсо болмок деген сындар социлдык тармактарда айтыла баштады.

Балдардан акчаны аяшпай эле койсо болмок деген ой мени да кайдыгер калтырган жок. Кайсыл мамлекетте болбосун, балдардын төрөлүшүн кубаттайт. Сүйүнчү пулду азайтмак турсун ашыгы менен беришет. Биздикилердей болуп, арзыбаган акчаны да кыскарталы, ошондон да үнөмдөй салалы дешпейт.

Маселен, Казактан менен Россияда  бала төрөлөөр замат эненин алканы кубанаарлык эмес, бүт үй бүлө мүчөсү сүйүнө турган жакшы акча беришет. Алардын акчасына кызыккан айрым жарандарыбыз каражаттын айынан эптеп жолун таап Россия менен Казакстандан төрөп келишет.

Кыргызстанда болсо, акча төлөп кубантмак турсун арзыбаган акчаны аяп, жакырына берели, башкасын жөн коёлу дешип жатат. Ушу кантип болсун. Мамлекет камкордукка алса, аялдар төрөп, элдин саны көбөйөт го. Мамлекеттик чиновниктер минтип арзыбаган акчаны да аяшып отурса, жумушсуздук жанды кейитип турса, аял байкуш кимге ишенип төрөйт?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости