www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Урмат мырза, 24-ноябрда Бишкекте коомдук-саясий уюмдар уюштурган "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайы жыйынтыкталды. Курултай өз максатына жеттиби?
--Албетте Курултай жандуу жана эл күткөндөй ар тараптуу болуп өттү. Курултайда мурдагы бийликтен запкы тарткандар жана бийликтин өкүлдөрү оппозициялык көз караштагы жарандардын катышканы дагы өзгөрүү деп айтсак болот. Курултайдагы көтөрүлгөн маселелер, мурдагы бийлик тарабынан камакка алынган саясый туткундардын абалы, Кумтөр маселеси, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин туура эмес мамлекеттин мулкунө кол салгандыгы ачык-айкын айтылды. Жыйында Атамбаевдин тарапташтары олтурса дагы Атамбаевдин убагында ТЭЦдеги көрүнөштөргө жек көрүү менен карап олтурду.
--Курултайда Аида Салянованы саясый куугунтукка алынгандардын тизмесинде айтылганда чуу болуп кетти, чын эле Салянова саясый куугунтукка алындыбы?
--Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Аида Салянованын оозунан түшүрбөй прокрурорлугун мактап келген. Аида айым үчүн Атамбаев көздү жумуп туруп чоң секириктерди жасады. Алсак Курултайда көтөрүлгөн маселе, камакта жаткан кыргыздын тың чыкма жигиттерине болгон куугунтук Аида Салянова кызматта турганда болгон да. Ошол эле учурда так ушул Салянова кыргыздын мыкты жигиттерин түрмөгө тыккан. Алсак, Ахматбек Келдибеков, өзүнүн агалары Нариман Түлеев, “Ата-Мекен” партиясынын экс-депутаты Карганбек Самаков, кумтөр үчүн куугунтукка алынган Садыр Жапаров, мунун айынан канчасы түрмөдө жатат. Салянова, Азиз Батукаевди түрмөдөн качырып жактоочу болуп Жогорку Кеңештин төрүндө быдылдап сайрап олтурганы калппы, көтөргүлө архивди. Ошондуктан Аида Салянова тууралуу айтылганда Курултайда элдин көпчүлүгү каршы чыкты. Аида Салянова Өмүрбек Текебаевдин башына муш эле болду. Эгерде Текебаев Аида Саляновадан ажырашпаса эл аны колдобойт. Анткени Аида Салянова бийликте турганда душманын ашырып, досун качырып алган. Ошондуктан азыркы бийлик, мурдагы бийлик тарабынан камакка алынган саясый куугунтукка кабылгандарды ишин кайра карап чыгарып, баарын эркиндикке чыгарат ишенемин.
--Курултайдын жыйынтыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасы менен “камалсын” деген талапты койду. Буга чейин Атамбаев жамандап келген Ахматбек Келдибек менен Нариман Түлеевди кош колдоп тосуп алышты. Баарын убакыт таразаладыбы?
--Мына убакыт өз баасын берет экен. Мен кыйынмын деп келген элдин үмүтүн уурдагандарды 7 дубан эл камасын деп кыйкырганы шермендечилик. Нариман Түлеев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековдун жүзү жарык экен эл арасында келди. Кыйын болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы Курултайга келиши керек эле да.
--Азыркы президент Сооронбай Жээнбековго сунушталган чечимдерден жыйынтык чыгышы мүмкүнбү?
--Бул Курултайдагы элдин үнү түз бийликке жетти. Бийлик элдин ичиндеги көйгөйдү ачык-айкын угушту. Мен Сизге дагы бир нерсени баса белгилеп айткым келет. “Ата-Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрүнө “саясый куугунтук”дегенде күлкүм келди. Саясый куугунтукту ушулар баштап, акыйкатты өлтүрүп, акыйкаттын арбагын ыйлаткан ушулар болгон да. Эми Аида Саляновага чындык керек экен. Аида Салянова мурдагы бийликтин саясый куугунтугу эмес, болгону Атамбаев экөөнүн ортосундагы жылуу мамиленин келишпестиги болду.
--Рахмат.
Булак: NazarNews.kg