www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 27-ноябрында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын Минск шаарына келди деп билдирет өкмөттүк аппаратттын басма сөз кызматы.
Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү маселелерин карашмакчы.
Атап айтканда, Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалардын талкууланышы күтүлүүдө, ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети каралат, ошондой эле 2017-2018-жылдары ички рыноктогу тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет угулуп, башка актуалдуу маселелер каралмакчы.
Кеңешменини жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, иш сапар алкагында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы Ч.Т.Айтматов атындагы парктын салтанаттуу ачылышына катышат.
Буга катар Премьер-министр ошондой эле Белорус жогорку технологиялар паркына, Беларусь ГС1 Автоматтык идентификатташтыруу ассоциациясына, «Великий камень» индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат.
Булак: NazarNews.kg