www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен “Кумтөр” кенин иштеткен Centerra Gold Inc.компаниясынын директору Перри Скоттун өткөн аптада Бишкекте жолугушканы маалымат каражаттарында баяндалган башкы темалардын бири болду. Жолугушуу боюнча демилге биз тараптан болгонун белгилей кетүү керек. Көпчүлүк бул жолугушууда ачык суроолорго жооп алынат деп көптү күткөн болчу. Эмне жооп алдык? Өкмөт тараткан релизди анализдеп көрөлү.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, компания кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча үстүбүздөгү жылы Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда, бул болжолдуу көрсөкүчтөрдөн жогору болуп саналат. 

Ошондо бизге бул алтындар керексиз, ал эми канадалыктар аны биздин өтүнүч менен казып калабы? Эгер өкмөт мындай сураныч менен кайрылбаса центерра атайын алтын аз казабы? Сураныч боюнча алтын казуунун көрсөткүчтөрүн жогорулатуу орунсуз сөз, ыксыз иш эмеспи?

Алсак, компания тарабынан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу үчүн алдыдагы капиталдык салымдар боюнча кошумча сунуштар иштелип чыгууда.

Белгилей кетсек, Кумтөр кени 2026-жылы жабылат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айткан. Андай болсо, бул жерде кайсы капиталдык салымдар, кайсы өндүрүштү жогорулатуу боюнча сөз болуп жатат? Кумтөр дагы көп жыл иштейби?  Бүгүн Кумтөрдө ачык жол менен 6 миллион тонна руда казылып алынууда. Руданы андан да көп казуу мүмкүн эмес. Учурда анын запасы кыскарып, өндүрүштүн көлөмү азайып жатат. Бул жерде сөз кендин жер алдындагы бөлүгүнө байланыштуу да болушу мүмкүн. Бирок жер алдынан казууда компания эч качан азыркыдан жакшы көрсөткүчкө жете албайт. Анткени бул жерде кошумча күч, ашыкча тоскоолдуктар бар. Балким эки же үч миллион тонна руда казуу мүмкүн, ошондо бул көрсөткүчтү жогорулатуу аракетин көргөн туура болот.

Мындан тышкары Скотт Перри Премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жылдын ичинде эл аралык, анын ичинде кытай компаниялары «Centerra Gold Inc.» инвестиция салууга же сатып алууга кызыкдарлык билдиришкен. Бирок, азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес.

Бул фраза абдан таң калычтуу. “Скотт Перри Премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жылдын ичинде эл аралык, анын ичинде кытай компаниялары «Centerra Gold Inc.» инвестиция салууга же сатып алууга кызыкдарлык билдиришкен”, деп айтылат. Бирок Скотт Перри мырза кайра ага улай, “бирок, азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес” деп биринчи айткан сөзүн жокко чыгарып жатат. Эгер мындай сунуштар болгон болсо, белгилүү компания негизги акционери болгон Кыргыз тарапка биринчи маалымат бериши керек болчу. Эмне үчүн бул маалыматтар боюнча директорлор кеңешинин мүчөлөрү билишкен эмес, же Кыргыз тарапка кайсы сунуш ылайык болоорун Центерранын менеджменти чечеби? Бул ыксыз орунсуз сөздөр Кыргыз өкмөтүнүн чаташтыруу үчүн айтылгандай.

Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүүсү боюнча кошумча шарттар талкууланды, анда экологиялык төлөмдөрдүн көбөйүүсү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү каралган.

Бул жерде экологиялык келишим боюнча сөз айтылбайт. Сөз дароо эле стратегиялык келишимден башталат. Кумтөрдө экологиялык абалды сактоо өтө эле начар деп айтууга болбойт. Анткени тоо кен казууда жаратылышты кошо сактап калуу мүмкүн эмес. Ошондуктан башка компания болгон тагдырда деле мөңгүлөрдү сактап калуу балким мүмкүн болбогон чыгаар. Эгер биз келишимди экологиялык деп атасак, жогоруда көрсөтүлгөн фондду негиздеп, төлөмдөрдү жакшыртсак ага кол коюп, доодон толук баш тартсак болмок. Бирок бул экологиялык келишим, экологиялык маселелерди гана чечип, экологиялык доолорду токтотуушу керек. Ал эми Кыргызстандын үлүшү, дивиденттик төлөмдөр боюнча коюлуп жаткан доолорго экологиялык келишимдин тиешеси болбошу керек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, биргелешкен чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстеринин транспаренттүүлүгүн камсыздоо маанилүү, ошондой эле ал алтын кен ишканасында экологиялык ченемдерди сактоону жакшыртуу боюнча күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Өкмөт башчы менен бул жерден бир пикирге келүү оор. Анткени буга чейин мамлекеттик деңгээлдеги бул маселелер коррупциялык жана башка жолдор менен чечилип келген. Азыр баары башкача болуусу керек, бул өкмөт башчынын тандоосу деп учурда бүтүндөй коомчулук ачык айтууда. Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта, бул бир аз башкачараак өңүттө. Ошондуктан өкмөт башчыдан мүмкүн болсо, өкмөттүн басма сөз кызматы аркылуу коомчулукту кызыктырган төмөнкү суроолордун жообун берүүсүн суранат элек.

-Скотт Перринин чакыруунун максаты эмне болчу?

-Центерра дивидент боюнча Кыргызстанга болгон карыздарын төлөйбү?

-2018-жылы казылган алтындан Центерра өз үлүшүн алып кете берсин, бирок Кыргызстандын үлүшүн чыгарып кетүүгө Өкмөт жол бербейби?

-Центерранын негизги акционери Кыргызалтын ишканасы качан бул компаниянын чечимдерине таасир этип, өлкө кызыкчылыгы үчүн иштей баштайт?

-Кумтөрдүн келечеги кандай?

-Жер алдындагы алтын запастары эмне болот?

-Эмне үчүн аны Центерра эмес Кытай иштеткени жатат?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости