www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Эл аралык өнөктүрүү ассоциациясы бере  турган 24 млн. доллардын 12 млн. доллары грант, ал эми калган бөлүгү жеӊилдетилген насыя түрүндө берилээрин айтты. Ошондой эле ал насыя 38 жылдык мөөнөт менен  0,75 үстөк пайызы менен  болоорун  кошумчалады.

Карыз бергени го жакшы. Бирок андан кантип кутулабыз деген да маселе бар да. Кийинки муунга карызы көп мамлекетти таштайбызбы? Же биздин Каржы министрлерибиздин акылы карыз алуудан башка нерсеге жетпейби. Айтайын дегеним,  мурунку Каржы министри болгон Акылбек Жапаров деле “карыз алуудан коркпош керек. Карызды узак мөөнөткө алса,  эффективдүү пайдаланса, мамлекет үчүн пайдалуу болот” эле дейт. Карыз алгандан мурун, аны эффективдүү пайдалана алабызбы ошону да ойлонсок болмок. Анткени, 27 жыл ичинде Кыргызстан карыз эле алып келатат. Мамлекет карыздан пайда көргөнү деле белгисиз. Пайданы көрсө ошол кездеги аткаминерлер көргөндүр. Анткени, ошолор эле байып, карапайым эл жарды бойдон эле калды. Ошон үчүн карыз алардан мурун  Каржы министрлер андан кутулуунун да жолун ойлошсо болмок. Элдин жонунан кайыш тилдирбей.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости