www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Кыргызстандагы саясий кырдаалга кайдыгер карабаган Жолдош Орозовду кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

-Жолдош мырза, Нурбек Токтакунов жарыялаган элдин көңүл борборуна айланган маселлердин бири болгон  “шайлоо кассасындагы” маалыматтар чындыкка караандайбы? Же Атамбаевдин командасы камакка алынганда Сооронбай жээнбековду алсыратуу үчүн ушул ыкманы колдонуп жатышабы?

-Токтакунов такшалган юрист жана саясатка көзү жетик инсан. Башкача айтканда,  шайлоонун шайтан оюндарын өз көзү менен көрүп аны иликтеп факт түрүндө такталганда гана чыгарып жатат. Эгер жалган болсо ал жоопко тартылып каларын билет. Ал эми Фарид Ниязов штабды башкарып, мындан да көп нерселерди билет, ошондуктан Токтакуновдун айткандарынын бардыгы чындык деп ишеничтүү деп бышыктап  жатат. Эми бул шайлоодо болуп көрбөгөндөй  жагдайлар орун алганын  массалык маалымат каражаттары байма-бай жазып жатышты го.

-Эгер президенттик шайлоодо чындап эле Токтакунов айткандай  мыйзамсыздыктар орун алган болсо, эмне үчүн ошол замат айтып чыгышкан эмес?

-Мага да ошол нерсе таңгалыштуу  болуп жатат. Табышмактын жандырмагын дароо айтышпай  Фарид Ниязов эми Сооронбай Жээнбеков менен каршылашып, кыл чайнашып калганда айтып жатканына жол болсун. Ошондуктан, орус элинде айтат: шибегени капка ката албайсың, ал бир күнү болбосо бир күнү капты тешип чыгат- деп анысы сыңары мына шайлоодогу шайтан оюндардын былжыган былыктары акырындык менен калкып чыга баштады. Кыргызда сөз бар карга карганын көзүн чукубай деген бул каргалар өзгөчө каргалар болду биринин көзүн бири чукуп, демек мыйзам алдында шайлоо мыйзамын аттап, өз билгенин кылгандар жооп берчү күн да жакындап калган сыяктуу. Эрегиштен эр өлөт дегендей , эки пил кармашса кармаша берсин бейкүнөө элге салакасы тийбесе болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости