www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Башкортостан аймагында адам өлтүрүүгө шектелип, Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 53 жаштагы Любовь аттуу аял аталган шаарда өзүнүн кийим саткан дүкөнүн иштетчү. Ал 2020-жылдын жай мезгилинен бери дайынсыз болуп изделип жаткан.

--"Кийин полиция кызматкери аталган кылмышка шектүүнүн изине түшүп, аны кармашкан. Ал К.С. аттуу Кыргыз жараны экендиги аныкталган. Ал жеке ишкер менен чогуу товар менен иштешип жүргөн. Тергөө иштеринин натыйжасында кырсык болгон күнү алардын ортосунда пикир-келишпестиктер болгону белгилүү болгон. Ишкер аял товардын сапатына канааттанбай, анын баасына келише алышкан эмес. Уруштун айынан аталган Кыргыз жараны аялды думуктуруп өлтүрүп, сөөгүн кудукка жашырып койгон. Андан соң айыпталуучу Уфа аймагына качып кеткен. Ал сот отурумунда күнөөсүн моюнга алып, үй камагына чыгаруусун өтүндү", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости