www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Навальныйдын жубайы Орусиядан чыгып кетти

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная Орусиядан чыгып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Навальная Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарына барганы айтылууда.

Белгилей кетсек, Орусиянын Щербинка райондук соту Юлия Навальная мыйзамсыз нааразычылык акциясына катышкандыгы жана эпидемиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн 20 мин рубль өлчөмүндө айып пул салган.

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы «Шереметьево» аэропортуна учуп келери менен кармалган. 2-февралда Москва соту анын камалышын сот мыйзамдуу деп таап, 3,5 жылга камакка алды. «Ив Роше» иши боюнча 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу жазаны үч жарым жылдык түрмөгө алмаштырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости