www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египетте унаа айдоону үйрөнүп жаткан 11 жаштагы өспүрүм 7 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркаган жети жаштагы бала ооруканада көз жумган. Укук коргоо органдары 11 жаштагы баланы суракка алганда, ал унаа айдап жатканда атасы жанында жок болгондугун айтты. Ошондой эле ага атасы унаа айдоону окуяга чейин бир жума мурда үйрөткөнүн кошумчалады.

Ал эми баланын атасы уулунун айткандарын четке какты. Тергөө иштеринин жыйынтыгында 11 жаштагы баланын атасы камакка алынып, унаасы конфискацияланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости