www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура: 140 орундуу бала бакча кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы 140 орундуу бала бакчаны кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун мыйзамсыз токтому аркылуу 140 орундуу эки кабаттуу бала бакча 0,74 га жер аянты менен «Жүзүм-Шарап» акционердик коомуна менчиктештирилгендигин райондук прокуратура аныктаган.

Аталган мыйзамсыз токтомдун негизинде Ленин айыл өкмөтүнүн буйругу кошумча кабыл алынып, Сузак райондук мамкаттоо башкармалыгы тарабынан жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген.

Белгилей кетсек, 140 орундуу бала бакчанын базар баасы 15 млн 662 миң сомду түзөрү текшерүүдө аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук прокуратурасы сотко доо арыз менен кайрылып, анда жогоруда белгиленген социалдык багыттагы объектини менчиктештирүү туурасында кабыл алынган бардык чечимдерди жокко чыгарууну демилгелеген.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз толук көлөмүндө канааттандырылып, менчиктештирүү жөнүндөгү чечимдер жараксыз деп табылып бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости