www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы экс-президент УӨ бир нече каза болгондорго күнөөлөп келет. Ал тургай 24.кж агенттигине УӨ мүчөлөрү менен соттошконго даяр экендигин билдирген. Ага кошумча 2015-жылдагы Кыргызстандын экономикасы жөнүндө өзүнүн пикирин “Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм  - Кыргызстан” китебине төмөнкүчө билдирген.

Ар бир мамлекеттин жана ар бир өлкөнүн жетекчисинин саясаты кооз жазылган отчеттор жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен эмес, калктын реалдуу жашоо денгээлин көтөрүү аркылуу өлчөнүшү керек. Эгерде бүгүн адамдар кечээгиге салыштырмалуу жакшы жашап жатышкан болсо, демек, анда жүргүзүлүп жаткан саясат туура. А эгерде калктын жашоосу начарлап кеткен болсо, демек, анда сен жана сенин пикирлештериң кандай кооз сөздөр менен программаларын айтышпасын, баары бир бул саясат жараксыз жана туюкка кептелет. Ушуну түшүнүп, мен 2005-жылдагы март революциясынан кийинки алгачкы жумалардагы туруксуздуктан жана башка бардык тоскоолдуктардан өткөн соң, өз ишимдеги эң башкы максат катары адамдардын жашоо деңгээлин көтөрүүдө реалдуу жыйынтыктарга жетүүнү максат кылып алган болчумун. Биздин жашоодо баары салыштыруу аркылуу гана билинет эмеспи.

2010-жылдын 7-апрелиндеги трагедиялуу окуялар учурунда куралдуу мамлекеттик төңкөрүш жасагандар өз бийлиги үчүн эбегейсиз чоң курмандыктарга барышты. Муну алдын ала билип туруп, ачык пландаштыргандар же ушундай бүлгүн салган курмандыктарга каршы турууга мүмкүнчүлүктөрү бар болсо да, каршылык көрсөтпөй, жүздөгөн бейкүнөө адамдардын каны төгүлүшүнө себепкер болгондор бул үчүн жооп бериши керек. Катардагы жарандардын мээлерин айлантып, аларга асман башындагы, кол жеткис кыялдуу убадаларды берип, ант берүү менен алдашкандар, өздөрү бийликке келген биринчи күнү болгон жана да алар бийликте турган соңку учурларда өлкөдө болуп жаткан нерселер үчүн жазаланышы керек.

Алар элдин жашоосун жомоктогудай сонун кылып жиберүүнү бийлик-ке келген биринчи күндөн баштап эле убада бере башташкан. Ал кезден бери азыр жетишерлик убакыт өттү, ошондуктан мен өзүм президент болуп турган убактагы мурунку бийлик менен кийинки келген бийликтин цштериндеги жыйынтыктарды салыштыруута моралдык жактан акым бар деп эсептеймин. 5 жылдын ичинде биз бийликте турганда эмнеге жетишкенибизди жана да ошол эле мөөнөттүн убагында азыркы өкмөт эмне кыла алгандыгын талдап көрөлүк. Ошондой эле, менин убагымдагы жасалган иштерди менден мурунку президент Акаевдин 15 жыл бийликте олтурган кезиндеги жетишкендиктери менен салыштырып көрүп, биздин жүргүзгөн саясаттагы айрым принципиалдуу моменттерди эске салып коюу дагы пайдалуу болот. Мен башкарган мезгилдеги жетишкендиктердин кыскача мүнөздөмөсү экономиканын кыйла өскөндүгүн жана жашоонун социалдык шарттарынын жакшыргандыгын ачык көрсөтүп турат. Азыркы бийлик жок дегенде бир көрсөткүч боюнча эки эсе жакшыртуу болду деп мактана алабы? Аттиң... Айрым бир моменттерге мен кеңири токтоломун.

Бюджет кирешелеринин көбөйүшү

5 жыл ичинде биз бюджет кирешелерин 275% га көбөйтө алдык, же орточо эсеп менен алганда, жылына 40-50% га көбөйтүп жүрүп олтурдук. Дагы бир баса белгилеп кете турган жагдай, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн мындай эселенип көбөйүшү салыктардын эселенип азаюу фонунда болду, мындай нерсе Кыргызстандын тарыхында, дегеле өнүгүп жаткан өлкөлөр тарыхында эч качан болгон эмес. Мен ал көрсөткүчкө кийинчерээк кайрыламын. Өзгөчө белгилеп койгум келет: экономиканын өнүгүшүндөгү жаңы приоритеттерди аныктоо, максатка жетүүдөгү жаңы ыкмалар гана эмес, коррупция менен аеосуз күрөшүү дагы ушундай чоң жыйынтык берди, анткени, көмүскө экономиканы сугарып, мамлекеттин биринчи адамына жакын болушкан тар чөйрөдөгү адамдардын гана байытып келген финансылык булактар өлкө бюджетине карата бурулган болчу. Бул биринчи иретте кичи жана орто бизнести колдоо, ички жана сырткы инвестицияларга жол ачуу, бардык тармактардагы - айыл чарбасында, өнөр жайда, курулушта, финансылык системада, соода кылууда, кызмат көрсөтүүчү чөйрөдө жаратман эмгектенүүгө шарт түзүү аркылуу ишке ашырылды. Ушул аталган иш-чаралар комплексин ишке ашыруу ооюнча жасалган кадамдар өлкө бюджетине түшкөн кирешелердин эселел көбөйүшүнө алып келди да, ички дүң продукттун бир нече эсеге көбөйүшүн шарттады. Мен өз сөздөрүмдө дайыма республиканы өнүктүрүү боюнча стратегиялык программаларга негизделген экономикалык тигил же бул тармактарына өзгөчө көңүл бөлчүмүн. мамлекеттикда, тармактык да программалардын аткарылышын мен өзүм жана парламент катуу көзөмөлгө алып турчу.

Көз карандысыздыктын алгачкы 15 жылында жыйылып калган Тышкы карыздын түзүмүн талдоо ал каражаттардын басымдуу бөлүгү Инфрасгруктураны кармап туруу үчүн кеткен чыгымдарга, негизинен жолдорду курууга жана оңдоого жумшалгандыгын билдирип турат. Мындай приоритетти аныктоодо таң кала турган деле эч нерсе жок. Жалгыз гана «Ош-Бишкек» автожолун модернизациялоо боюнча долбоор өзүнө эки миллиард доллардан ашуун сырткьт карыздын ичинен 600 млн. АКШ долларын тартып кеткен. Саясий жактан калыс, реалдуу цифраларды гана көрсөтүүчү статистика Акаевдин тушунда жолдорду курууга жана ондоого жыл сайын, «Ош-Бишкек» долбоорунан сырткары, орточо эсеп менен алганда 150 млн. сом сарпталып келген-дигин тастыктап турат. Салыштырып көрөлүк: бир гана 2008-жылы Кыргыз Республикасы магистралдык долбоорду эсепке албаганда, ондоо жумуштары үчүн 1.5 млрд. сом жумшаган, башкача айтканда, Акаевдин мезгилине караганда 10 эсе көп каражат колдонулган. Куру-луш чөйрөсүндө иштегендер, ошондой эле өндүрүшчүлөр муну сезбей кое алышмак эмес. Курулуш индустриясында, курулуш материалдары жана кызмат көрсөтүүдө ксскин өсүү башталып, жол курулуш техни-каларын, тиешелүү транспорттук каражаттарды көп санда сатуу жана сатып алуу жүрдү. Өлкөдө бардык аймактарда жаңы асфальт заводдору курулуп, таш талкалоочу атайын ишканалар ачылып, керектүү заттар казылып алынуучу жайлар иштетиле баштады. Ошондо эле эң ири, стратегиялык жактан маанилүү болгон жолдорду куруу боюнча долбоорлор негизделип, «Датка» көмөкчү станциясын куруу боюнча макулдашууга, ЛЭП 500 «Датка-Кеминди» курууга, көмөкчү станция ПС 500 «Кеминди» курууга, «ТЭЦ- Бишкекти» реконструкциялоо долбооруна, «Камбар-Ата-2» ГЭСин курууга кол коюлуп, айланып өтүүчү «Бишкек-Балыкчы» жолун реконструкциялоо башталган эле.

Менин тушумда кол коюлган долбоорлордун алкагында бардык техникалык, экологиялык, уюштуруу, администрациялык, финансылык маселелердин баары чечилген болчу. Ошондон улам гана бул башталып калган иштер азыркы күндө улантылып келе жатат, ал эми айрымдары бүткөрүлүүгө жакындап калды. Мен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганымды өзгөчө белгилеп койгум келет. ТРАСЕКА программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталып, ага автомобиль жолдору да кирип, ошого ылайык мурдагы Советтер Союзунуң бардык өлкөлөрүнүн жолдору Пакистан, Афганистан жана Индиянын жолдору менен туташтырылышы каралган болчу. Аба мейкиндиги аркылуу байланышты жакшыртуу боюнча, жаңы авиалинияларды ачуу, «Манас", «Ош", «Тамчы» аэропортторун реконструкциялоо, «Манас-2» аэропортун куруу боюнча да сүйлөшүүлөр башталып калган.

Бул китепти окуган ар бир адамда: «Ушунун баары Бакиевдин тушунда эле киргизилип, башталып калган болсо, азыркы бийлик жаңы эмнени сунуш кылды жана соңку 5 жыл бою конкреттүү кайсыл ишти аткарды?» деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Баса белгилеп кете турган нерсе, 5 айда эмес, Кыргызстандын бийлигинин эн жогорку чокусунда олтурган 5 жыл ичинде бул бийлик кандай иштерди жасап, кандай көзгө басар ийгиликтерди жарата алды?

Тилекке каршы, азыркы кездеги Кыргызстан боюнча маалыматтар оптимисттик маанайды ойгото албайт, чарбачылыктын бардык чөйрөсүндө артка кетүү болуп жаткандыгын гана күбөлөндүрүп турат. Буга далилдер жетишерлик. Эч качан эгемен Кыргызстандын тарыхында инвесторлор өкмөт менен соттошкон учур болгон эмес. Мындай нерсе бийликке төңкөрүш жолу менен келген жаңы жетекчиликтин тушунда орун алды, эми болсо алар эл аралык сотторго берилген доо арыздарга көмүлүп жатып калышты. Доо талаптардын жалпы суммасы 1 миллиард АКШ долларынан ашып кетти, бир нече соттук иштер утулуу менен аяктады. Бизнесмен Белоконго 16 миллион АКШ долларын, «Ак-Кеме» мейманканасы боюнча түрк жарандарына 11 миллион АКШ долларын, «Кутесай майнинг» боюнча 119 миллион АКШ долларын, ВДНХда («Бишкек» Эркин Экономикалык зонасы) имараттар комплексин арендага алышкан түштүк кореялык компанияга - 29 миллион АКШ долларын уткуруп жиберишти.

Өкмөт инвесторлор менен тил табыша албай, алар менен соттошуп, а эң башкысы, - ал соттук иштердин дээрлик баарын тен уттуруп жатканы маскарачылык иш болуп эсептелет. Ал чыгымдардын баарын тең бюджеттин эсебинен төлөөгө туура келери түшүнүктүү, ал карыздардын түйшүгү акыры айланып келип эле карапайым элдин мойнуна түшкөн жүк болуп калат, анткени карызды жалпы өлкө төлөйт да. Эртеби, же кечпи эл баары бир жүйөөлүү суроону берет: «Эмне үчүн Атамбаевдин өзүнүн жана анын командасынын жанылыштыктары үчүн ансыз деле жакырдыкка батып калышкан жөнөкөй жарандар төлөп бериши керек? Мындай эбегейсиз чон чыгымдарды мамлекеттин эссбинен эмес, ошол күноөлүүлөр өздөрү төлөшү керек. Эсиңиздерде болсо керек, Атамбаев шайлоо кампаниясы учурунда элдин алдында эгерде ал бюджеттен жок эле дегенде бир тыйынды уурдаганга барса, анда аны Кудай өзү жазаласын деп көп ирет карганып ант берген, деп жазган КР экс президенти Курманбек Бакиев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости