www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, так эмес маалыматтарды колдонуу, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын туура эмес эсептөө жана кошумча нарк салыгын негизсиз эсептөө аркылуу ишкердик субъектиге 91 млн сомдон ашык суммада мыйзамсыз салык милдеттенмелери жүктөлгөн.
Прокурордук чара көрүүнүн жыйынтыгында ишкердик субъекттин бузулган укуктары калыбына келтирилип, аталган суммалар толугу менен жокко чыгарылды. Ал эми, салык органынын 4 кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды.
Прокуратура органдары ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөргө жана негизсиз салыктык басымга жол бербөө багытындагы иштерди мындан ары да улантат.