www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталды.
Башкы прокуратура билдиргендей, 2021-жылдын 08-июлунда «M.V.ch» деп аталган Бахрейн компаниясы менен Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда мамлекеттик мекемелерге дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча акысыз кызмат көрсөтүү жаатында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын «TC.I.T.» компаниясы менен келишим түзүп, ал компанияга 54 млн 836 миң 316 сом которгон.
Ал эми Бахрейн компаниясы менен түзүлгөн меморандумга ылайык, долбоор чыгымсыз, бекер ишке ашмак. Ага карабай Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги жеке кызыкчылыкты көздөп, түркиялык компания менен пайдасыз келишим түзгөн.
Анын кесепетинен мамлекетке 54 млн 836 миң 316 сом зыян келтирилген. Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси менен (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен кылмыш ишин козгоду.
Эске салсак, 2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ушул эле күнү Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери, алардын арасында Улук-Бек Бектурганов коррупцияга шектелип кармалган.
Өз кезегинде Садыр Жапаров министрдин кармалганы тууралуу комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан.
Бүгүн, 4-июнда мамлекет башчы кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” деген негизде убактылуу четтетилди.
Ал эми министрдин милдетин аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков дайындалды.
Булак: NazarNews.kg