www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бейшеналиевдин кармалышы өч алуу, тергөө бир тараптуу болду деген сөздөргө чекит коюлат», - деди бүгүн, 4-июнда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
- Марлен Абдрахманович, Саламаттык сактоо министринин иши адилет тергелиши үчүн Башкы прокурор да убактылуу кызматынан четтетилди. Иш калыс тергелиши үчүн президенттин комиссия түзгөнү туура эле болдубу?
- Ачыгын айтыш керек. Бул маселе коомчулукта катуу талкууга алынды. Ошондой эле, коомчулукта экөөнүн пикир келишпестиги камоого чейин жеткирди, Саламаттыкты сактоо министринин камалышы өч алуу дегендер да болду.
Кыскасы, мына ушул жагдайлардын баарын эске алып, калыстык үчүн комиссия түзүлдү. Буюрса, өч алуу, тергөө бир тараптуу болду деген сыяктуу сөздөргө чекит коюлат. Ошол жагын эске алганда атайын комиссиянын түзүлгөнү деле туура болду.
Эске салсак, 2-июнда Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ушул эле күнү министрликтин үч жооптуу кызматкери, алардын арасында Улук-Бек Бектурганов коррупцияга шектелип кармалган.
Өз кезегинде, Садыр Жапаров министрдин кармалганы тууралуу комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан.
Бүгүн, 4-июнда мамлекет башчы кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан «тергөө мезгилине» деген негизде убактылуу четтетилди.
Ал эми министрдин милдетин аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков дайындалды.
Булак: NazarNews.kg