www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «tolom.kg» расмий сервисин туураган фишингдик сайттар аркылуу жарандарды алдоо учурлары көбөйгөнүн эскертти.

Маалыматка караганда, «tolom.kg» сервиси айып пулдардын бар-жогун текшерүү үчүн гана арналган. Сервис төлөмдөрдү кабыл албайт жана банк карталарынын реквизиттерин сурабайт.

Учурда алдамчылар жарандарга жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул боюнча карызы бар экенин билдирген жалган SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүп, жасалма сайттарга өтүүгө үндөп жатышат.

Алардын арасында tolom.p4zr.top, tolom.a7km.top жана tolom.pw сайттары бар.
Бул сайттарда банк картасынын номери, CVC/CVV-коду жана SMS аркылуу келген ырастоо кодун киргизүү талап кылынат.

Мындай маалыматтарды берүү жарандардын банк эсептериндеги акча каражаттарынын уурдалышына алып келиши мүмкүн.

Башкы прокуратура жарандарды шектүү шилтемелерге өтпөөгө жана банк карталарынын маалыматтарын белгисиз интернет-ресурстарга киргизбөөгө чакырат.

Айып пулдардын бар-жогун «tolom.kg» расмий сайтынан, мамлекеттик порталдардан же банктардын расмий мобилдик тиркемелеринен гана текшерүү сунушталат.

Алдамчылык фактысы аныкталган учурда жарандар укук коргоо органдарына токтоосуз кайрылышы керек.

Последние новости