www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору М.К. Асаналиев Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөн XIV Санкт-Петербург эл аралык юридикалык форумуна катышты.
Форум укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо маселелери боюнча мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле юридикалык жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы диалог үчүн маанилүү эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында Башкы прокурор М.К. Асаналиев Россия Федерациясынын Башкы прокурору А.В. Гуцан, РФ юстиция министри К.А. Чуйченко жана Беларусь Республикасынын Тергөө комитетинин төрагасы К.Ф. Бычек менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууларда эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосундагы укук коргоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана биргелешкен иштин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл соттолгон жарандарды жарандыгы боюнча мамлекетке өткөрүп берүү, укуктук жардам көрсөтүү, экстрадициялоо жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо маселелерине бурулду.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Россия Федерациясында өкүлчүлүк ачуу демилгеси каралып, анын практикалык мааниси белгиленди.
Жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө, кызматташууну кеңейтүүгө жана конструктивдүү диалогду улантууга кызыкдар экенин ырасташты.