www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрүнүн көп жылдарын Кыргызстандын энергетика жана курулуш тармактарын өнүктүрүүгө арнаган Алиев Ибрагим Эсеновичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин имаратында уюштурулду.
Ага Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жамааты, маркумдун кесиптештери, энергетика тармагынын ардагерлери, достору жана жакындары катышышты.
Коштошуу аземинде сөз сүйлөгөндөр Ибрагим Эсеновичтин өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгилешип, анын жогорку кесипкөйлүгүн, ишине болгон берилгендигин, жоопкерчилигин жана адамгерчилик сапаттарын терең урматтоо менен эскеришти.
Кесиптештеринин айтымында, Ибрагим Эсенович өз ишинин мыкты адиси, тажрыйбалуу жетекчи жана жаш муундар үчүн өрнөк болгон инсан эле. Ал өмүр бою ак ниет эмгек кылып, энергетика жана курулуш тармактарынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон.
Катышуучулар маркумду терең урматтоо менен акыркы сапарга узатып, анын жаркын элеси аны менен чогуу иштеген кесиптештеринин жана жалпы энергетиктер коомчулугунун эсинде түбөлүк сакталарына ишеним билдиришти.