www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн миграциялык мыйзамдарды бузууга байланыштуу бир жолку мыйзамдаштыруу өнөктүгүн өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандан административдик жоопкерчиликке тартылбастан өз ыктыяры менен чыгып кете алышат.
Бул мүмкүнчүлүктөн визасынын же жашоого уруксат кагазынын мөөнөтү бүткөн, каттоосу жок же мөөнөтү өтүп кеткен, эмгек ишмердүүлүгүнө уруксаты жок же мөөнөтү бүткөн, ошондой эле өлкөдө мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган башка документтери жок чет өлкөлүк жарандар пайдалана алышат.
Мындан тышкары, өлкөдө жүрүүгө уруксат берилген мөөнөтү аяктаган же иш жүзүндөгү келүү максаты өлкөгө кирүүдө көрсөтүлгөн максатка туура келбеген чет өлкөлүк жарандар да бул жеңилдиктен пайдалана алышат.
Белгиленген мөөнөттө өз ыктыяры менен чыгып кеткен жарандар айып пул төлөөдөн жана чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөмдөн бошотулат.
Мамлекеттик органдар чет өлкөлүк жарандарга өлкөдөн чыгуу тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.