www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыйынтыктоочу маалымат жыйынында КР Башкы прокурору Курманкул Зулушев уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине байланышкан соңку окуяларга комментарий берди.

Анын айтымында, Нарын облусундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жана Кочкор РИИБнин жетекчилигине байланышкан иш боюнча прокуратуранын кызматкерлеринен турган тартип комиссиясы түзүлдү.

«Комиссиянын чечими менен Кочкор районунун прокурорунун орун басары ээлеген кызматынан бошотулуп, прокурорго сөгүш жарыяланды», - деди ал.

Өз кезегинде Сузак районундагы уюшкан кылмыштуу топко байланыштуу иш боюнча Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана бир катар прокуратура кызматкерлери жазага тартылды, Зулушев төмөнкүлөрдү билдирди:

«Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган ишке шалаакылык мамиле кылгандыгы үчүн прокурор жана райондук прокурордун орун басары, ошондой эле облусттун прокурору жана анын орун басары арызды өз убагында кабыл албагандыгы үчүн бошотулду».

Соңунда башкы көзөмөл органынын жетекчиси бул ишти иликтеген милиция кызматкерлеринин аракеттерине баа берилип жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости