www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан мурунку 47-түзөөтү абагы жабылып, мекеменин орду тазаланып бошотулду. Жер президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Эми ал жерге 10000 кишилик кичи район курабыз дешүүдө.
Шаар тургундары болсо жаңы кичи район салгандын ордуна, ал жерди жашылдандырып парк куруу керектигин сунуштап жатышат. Анткени ал аймакта тургундар эс алып сейилдөөчү парк жок.
Чындыгында Бишкекти ыш, түтүн каптап, жашоочулардын ден соолугуна өтө чоң зыяны тийип жатканда, эл ас ала турган сейил бак куруп жашылдандыруу туура кадам болмок.
Майлуу-сүттүү жерлерди президенттин иш башкармалыгы ээлеп алып, курулуш иштерин жүргүзүп, бизнес кылганга өттү. Мынча болгон соң Мамкурулуш, архитектура агенттигин жоюп салбайбы?..
Булак: NazarNews.kg