www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-июлда Координациялык кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго эскертүү берип жатып, "Сиз өзүңүздүн сөзүңүзгө каршы чыгып жатасыз", - деди.

"Сиз азыр эле бардык маселе Мамкурулушта экенин айттыңыз – алар мыйзамсыз курулушка уруксат беришет. Ал эми бул киши (вице-мэр) Абдиев Мамкурулушту жетектеп турган. Ошон үчүн анын ушундай бизнесте экенин билип туруп, эмнеге вице-мэрликке койдуңар деп сурап жатабыз. Бардык суроолор ушуга байланыштуу", - деди Зулушев.

Башкы прокурор мындай кызматтарда таза адамдар иштеши керектигин айтып өттү.

"Эгерде кандайдыр бир пункттар болсо, анда алар кызматтан алынышы керек", - деп кошумчалады ал.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри мыйзамсыз курулуштарга уруксат кагаздарын Мамкурулуш берип жатканын билдирген.

"Эгерде баары Мамкурулуштун карамагында болуп жатса, баш аламан курулуштар менен кантип күрөшөбүз: алар уруксат беришет, экспертиза жүргүзүшөт, объектилерди кабыл алып, өздөрү текшерет. Биз борбордо курулуш саясатын жүргүзүшүбүз керек, бардык чоң шаарларда мындай практика колдонулат, мисалы, Москвада да, Алматыда да», - деп кошумчалады Э.Абдыкадыров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости