www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрь айынан тарта кайрадан бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушуусун улантат. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бул ирет башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков Ош жана Баткен облустарынын тургундары менен жолугушат.

Баткен облусу

5-сентябрь, саат 10:00 —Лейлек району жана Сүлүктү, Раззаков шаарларында, саат 15:00 — Баткен районунда;

6-сентябрь, саат 10:00 — Кадамжай районунда, 15:00дө Кызыл-Кыя шаарында.

Ош облусу жана шаары

7-сентябрь, саат 10:00дө Ноокат районунда, 15:00дө Араван районунда;

8-сентябрь, саат 10:00дө Чоң-Алай районунда, 16:00дө Алай районунда;

9-сентябрь, саат 10:00дө Кара-Суу районунда, 15:00дө Ош шаарында;

10-сентябрь, саат 10:00дө Кара-Кулжа районунда, 15:00дө Өзгөн районунда.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров башкы прокурор менен министрге жер-жерлерге чыгып, элден укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерден кабар алуу тапшырмасын койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости