www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана коммерция министрлиги Салык жана башка бир катар кодекс, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Долбоор президенттин "Чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, соода ишмердүүлүгүнө патенттердин жаңы мөөнөтү – 2024-жылдын 1-январына чейин белгиленген.

Тигүү жана текстиль өнөр жайы үчүн 2027-жылга чейин кирешенин көлөмүн чектөөсүз 0,25% өлчөмүндө бирдиктүү салык белгиленет. Чыгармачыл өнөр жай паркынын резиденттери үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 2023-жылы 0,5%, 2027-жылга чейин акырындык менен 2% чейин жогорулатуу каралган.

Коомдук тамактануу тармагынын өкүлдөрү үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы Бишкек жана Ош шаарларында накталай түрдө 8 пайыздан 6 пайызга жана накталай эмес түрдө 4 пайызга төмөндөтүлгөн. Кыргызстандын калган аймактарында накталай 5%, накталай эмес 3% деп көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбоорунда көзөмөл-кассалык аппараттарды (ККМ) колдобогону үчүн же бузулганын колдонгону үчүн айып пулду азайтуу нормалары дагы каралган.

Президент Садыр Жапаров 28-июлда көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонууга байланыштуу "Чакан жана орто ишкердик субъекттерди колдоо тууралуу" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, өкмөткө көзөмөл-кассалык аппараттар (ККМ) боюнча айыппул өлчөмүн жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү чараларын көрүүнү тапшырган.

Буга чейин Бишкекте жана бир катар аймактарда ККМдин киргизилишине каршы нааразылык акциялары өткөн.

Салык кызматынын маалыматына караганда, ККМ колдонгон субъекттердин саны учурда 50 миңден ашуун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости