www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук соту бүгүн, 12-ноябрда башкы прокурордун мурдагы орун басары Адыл Кубан уулун камакка алды.
Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ал 2025-жылдын 10- январына чейин №1 тергөө абагына киргизилди.
Кубан уулу КР Кылмыш-жаза кодексинин массалык башаламандыкка даярдык көрүүгө шериктеш болуу, уюшкан топ түзүүгө шериктеш болуу же ага катышуу, уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого шериктеш болуу жана бийликти күч менен басып алууга даярданууга шериктеш болуу беренелери боюнча шектелүүдө.
Ал 2021-жылдын 11-августунда башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган. 2024-жылдын 30-апрелинде кызматтан бошотулган.