www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Учкун" ачык акционердик коомунун басмаканасында 136 миң 320 нускада окуу китептери басылып чыкты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"7-класстар үчүн "Физика", 8-классар үчүн "Химия", 7-9-класстары үчүн "Информатика" окуу китептери басылды. Окуу китептерин мектептерге жеткирүү башталды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык _ бюджеттен окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 миллион сом каралган. Быйыл бул каражатка 1 миллион 278 миң 255 нускада окуу китептерин басып чыгаруу пландалууда.
Булак: NazarNews.kg