www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 7-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
14-августта милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 21-май күнү батирин ачкычына чейин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 736 миң сомдук келишим түзгөн.
Ал алдын ала аванс катары 700 доллар төлөп, андан соң 159 миң 585 сом которгон. Ошентип, бишкектик тургун жалпысынан 220 миң 800 сом берген.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, 1997-жылы туулган М.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Мындан тышкары, кармалган жарандын үстүнөн 10дон ашык арыз түшкөн. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы такталууда.