www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Rimininal Fiction" жана "The Mask" тасмаларындагы ролдору менен белгилүү болгон америкалык актёр Питер Грин Нью-Йорктогу батиринен жансыз табылды.
Бул маалыматты New York Daily News басылмасына таянып kznews.kz билдирди.
Актер 60 жашында каза болгон.
Кошунасынын айтымында, Грин бети менен жерде жаткан, бетинен жаракат алган жана бөлмөдөн кандын издери табылган.
Полиция өлүмдүн эки версиясын карап жатат - кырсык же кылмыш. Тергөө учурунда батирден Нью-Йорктогу ирландиялык кылмыштуу топтордун бул ишке тиешеси бар болушу мүмкүн деген далилдер табылганы кабарланган.
Мындан тышкары, актёр жакында эле мээсиндеги кан тамырындагы дарыланбаган аневризмадан улам баш айланууга даттанып келген. Жакынкы күндөрү анын өпкөсүндөгү залалсыз шишикти алып салуу үчүн операция жасалышы керек болчу.