www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушуу бүгүн, 2-майда Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен аймагында өттү.

Жолугушууга ошондой эле эки облустун чектеш жайгашкан райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Эки тараптуу жолугушууда чек арадагы акыркы кырдаал талкууланып, ар кандай пикир келишпестиктерге жол бербөө, коопсуздукту сактоо максатында буга чейин кабыл алынган чечимдерди биргеликте аткарууну улантуу, күнүмдүк турмуш тиричиликке байланыштуу орун алган маселелерди жеринде чечүү сүйлөшүлдү.

Ошондой эле төмөнкү маселелер боюнча сөз болду:

- учкучсуз учуучу аппараттардын (ДРОН) учушу;
- сугат сууну пайдалануу;
- сугат каналдарын жана арыктарды тазалоо;
-көпүрөлөрдү, жолдорду оңдоо маселелери каралып, бул маселелердин үстүндө иш алып баруу максатында тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен турган комиссия түзүлүп, жеринде иш алып баруу тапшырмасы коюлду.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, эки тараптуу комиссиянын жолугушууну үстүбүздөгү жылдын 4-майында Лейлек районунун Максат айылында өтө турган болду.

"Белгилей кетсек, Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчылары иш үстүндө байма-бай жолугушууларды өткөрүп турат. Бул аракет чек арадагы тынчтыкты сактоо, аймактагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, улам жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, жалпысынан Баткен облусунун Тажикстан менен чек ара аймактарында абал тынч.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости