www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
59 жаштагы мода дизайнери Валентин Юдашкин каза болгонун анын жубайы Биринчи каналга билдирди.
2016-жылы ага бөйрөк рагы диагнозу коюлган, андан кийин башынан метастаздар табылган. Ошондон бери ал дарыланып жаткан.
Юдашкин 1963-жылы 14-октябрда Москванын жанындагы Одинцоводо төрөлгөн. 1986-жылы Москва индустриалдык техникумун бүтүргөн.
Валентин Юдашкин эмгек жолун 1980-жылдары баштаган. Анын биринчи коллекциясы 1991-жылы Парижде тартууланган, ал 150 моделден турган.
1994 жана 1996-жылдары Орусиянын олимпиадалык курама командасынын, 1999-жылы Орусиянын аялдар жана эркектердин футболдук командаларынын костюмдарынын дизайнын жасаган.
2012-жылы Владимир Путиндин ишенимдүү адамы болгон. 2012-жылдын февраль айынан тарта Россиянын бий спорт союзунун президенти кызматын ээлеп, ошол эле жылы «Стиль жана мода» телеканалынын башкы редактору болгон. Орусиянын Эл сүрөтчүсү (2005), Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1999) наамдарына ээ болгон.
Эскерте кетсек, 30-апрелде белгилүү модельер Вячеслав Зайцев каза болгон.
Булак: NazarNews.kg