www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Облус аймагындагы жашы жетет элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери 15-18-июнь күндөрү мобилдик топторго бөлүнүшүп, облус  аймагындагы кафелерди, базарларды, соода-сатык дүкөндөрүн, чайханаларды жана бассейиндерди кыдырышып 55 жаш өспүрүмдүн өз алдынча иштеп жүргөндүгүн аныкташып, алардын 38ине протокол түзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык кызматкерлер менен чогуу аныкталган жаш өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине тиешелүү иш кагаздар түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул рейддин жүрүшүндө Кадамжай районунан уурулук фактысынын бети ачылды.

Ошондой эле аз камсыз болуп, каттоодо турган үй-бүлөлөрдөн кабар алып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Бул “Өспүрүм-эмгек” рейдинин максаты жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана алардын жайкы каникул убагын туура пайдаланууга жол көрсөтүү болуп эсептелет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости