www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-июнда "Кадамжай районунда адам уурдоо фактысынын бети ачылды", - деп Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты. Анда айтылгандай, Кадамжай районунун 56 жаштагы тургуну ушул жылдын 2-март күнү саат 21:00 чамасында үйүнөн анын 27 жаштагы уулун белгисиз адамдар чакырып кеткенин айтып, милицияга кайрылган.

Жаран өзүнүн арызында уулун үйүнөн чакырып кеткендер аны белгисиз тарапка алып кетишкенин, ошол бойдон уулу дайынсыз болуп жатканын жазган.

"Бул факты Кадамжай РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык Кодексинин 170-беренеси (адам уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында 27 жаштагы адам аман-эсен табылды. Аталган окуя боюнча Кадамжай РИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө:

Ош шаарынын Жапалак айылынын 21 жаштагы тургуну Р.Т.,

Ош облусунун Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну А.Э.,

Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну С.Ж.,

Орусиянын аймагында каракчылык фактысы менен мурда соттолгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 22 жаштагы Т.Р. аттуу тургуну Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдардын билдиргенине караганда, белгисиз адамдар жабырлануучуну уурдап, барымтада кармап жаткан жеринен анын ден соолугу начарлап, өзүн жоготкон. Ошол маалда алар туткунду шаардагы көчөлөрдүн бирине таштап кетишкен. Жыйынтыгында, ал ооруканага түшүп, өзүнө келген соң ким экени аныкталып, кылмыш иши ачылган.

Алар жабырлануучуну акча маселесинен улам жашаган үйүнөн чакырып чыгып, уурдап кетип, Ош шаарындагы батирлердин биринде үч күн бою кармап турушкан.

Иллюстративдик сүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости