www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коомдук ишмер Жолдошбек Орозов менен коомчулуктун талкуусуна калган жагдайлар тууралуу баарлаштык.

--Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт мүчөлөрү, аппараттагылар жабыла чыгып, узатканы ага болгон урмат-сыйдын тереңдигиби же кайра кызматка келип калса, урматыбыз бар болчу деген белгиби?

--Учурдагы бийлик жүргүзүп жаткан атка минерлерге эмне деген гана сындар, сөздөр айтылган жок. Бир сөз менен айтканда ашмалтайы чыккан Өкмөттү элдин кыртышы сүйбөй турат. Ал эми Абылгазиевди жабылып узаткандар жогоруда айткан сөзүмө дал келет. Анткени, кызматта олтургандар өз күчү, билими, жөндөмдүүлүгү менен иштеп, аракет кылып, өз кызматын так аткаргандары аз.

Башкача айтканда, кошоматчылык, жойпулук бирин-бири коошпосо да мактап–жактап, сый-урмат көрсөткөндөй түр көрсөтмөй жогорку бийлик тепкичтеринде адатка айланган. Ошон үчүн мен Абылгазиевди сый көрсөтүп узатышты деген көз караштан алысмын. Эртең эле Абылгазиевдин артын чукумай башталат, бул турган иш. Ошон үчүн жабыла чыгып узатышканын укмуштуудай урматы көрсөткөндөй деле кабыл албайм.

--Өкмөттүн пресс секретары “аз айыбыз болсо кечиргиле, бир сүрөт менен эле пандемияга каршы күрөшүбүздү жокко чыгарбагыла” дегени менен узатуу иш-чарасына катышкандардын эреже сактабагандарына коомчулуктун сыны азыр да күч. Бул нерсе карапайым элди тескеп, бирок жогору жактагылар өзү эреже сактабайт дегенден кабар береби?

--Бир жерге 500 адамдын чогулушу бийлик бутактарында, болгондо да жогорку кызматта олтургандардын өздөрү топтошуп, көз көрсөтүшү мыйзам аларга иштебей турганын айгинелеп салышты. 50 адамдан ашык жөнөкөй эл чогулса эчак эле айып салып, ызы-чуу чыгарышмак. “Керегем сага айтам келиним сен ук, уугум сага айтам уулум сен ук” деген накыл сөз бийликте олтургандарга таасир бербей калды. Алардын жеп-ичкенин, туура эмес жүрүш-туруштарын, жоосунсуз жоруктарын ашкерлеген адамдар өздөрү айыпка жыгылып, коркутуу-үркүтүү менен сөз эркиндигин тебелеп жатат. Сөздү ачык айтып, бийликтеги коррупцияны далилдеп айткандардын кээ бирөөлөрү түрмөдө олтурушат. Кыргыз мамлекетинде байлардын үйүндө күндө майрам, күндө той, эл байкушта күндө түйшүк, күндө ой болуп, тажатма кыжырды келтирген турмушта жашап калдык. Бийлик башында олтургандар өздөрү үлгү көрсөтпөсө, эл эч качан тартип сактабайт. Мурдун балта кеспеген Өкмөттүн аппаратынын мүчөлөрүнө айып салынбайт. Анткени, аларга мыйзам иштебейт. Дооронбек Садырбаев агабыз айткандай: Кыргыз эли тарткылыгың дагы алдыда, зөөкүр уул-кыздарың турганда!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости