www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда тоноого шектүү жаран кармалды

1-март күнү Баткен облсунун Кызыл-Кыя шаарында тоноочулук кылууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Алай районунун 29 жаштагы М.И. аттуу тургуну милицияга арыз жазган. Ал Кызыл-Кыя шаарындагы унаа базарда жүргөн жеринде 35-40 чамасындагы адам күч колдонуп, 10500 сомдук телефонун жана 500 сом акчасын тартып алып койгонун билдирген. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноочулук) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектелип Ноокат районунун мурда соттолгон 37 жаштагы Б.Ж. аттуу тургуну кармалды. Азыркы күндө кылмышка шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости