www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Улан Жукенов апта башында өздүк курамдын саптык тизилүүсүнө катышып, жетекчилер менен аппараттык кеңешме өткөрдү.
Жыйын онлайн форматта өтүп, ага кызмат жана бөлүм башчылары, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Кеңешмеде Бишкек шаарында өткөн коомдук-саясий иш-чараларда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылган кызматкерлерге ыраазычылык каттары тапшырылды.
Ошондой эле 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгын ийгиликтүү чыгаруу жана алдыга коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу боюнча жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, жол кыймылынын коопсуздугуна терс таасирин тийгизген укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырылды.
Өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, ошондой эле коррупциялык, аткезчилик жана башка мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө боюнча да талаптар коюлду.