www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен району жана Сүлүктү шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциялары жергиликтүү тургундардын жашаган турак-үйлөрүнө барышып, аралыктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Баткен районунда 2, ал эми Сүлүктү шаарында 1 факт жаш өспүрүмдөрдүн сууга чөгүп, каза болгон учурлары катталган.

Жыл сайын милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жаз алды менен жер-жерлердеги бассейндерге, көлдү иштеткен жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет, мындан сырткары каналдарга, көлмөлөргө негизи эле суу аккан обьекттерге коопсуздук жаратпаш үчүн атайын тосмолорду, эскертүү баннерлерин коюу боюнча суу-чарба башкармалыктарына кайрылууларды жөнөтүп, коопсуздуктун алдын алып келет.

Бирок тилекке каршы, ата-энелердин кайдыгер жасаган мамилелеринен быйыл мектеп жашына чейинки наристелер сууга чөгүп каза болушкан.

Жаш жеткинчектердин ден-соолугун кароо жана саламаттыгын сактоо жаркын келечекке жол ачат. Ошондуктан урматтуу ата-энелер жана облустун тургундары өз перзентиңерге кайдыгер карабай, аларды көзөмөлгө алып, көңүл бурууңуздарды суранып кетебиз.

Анткени жаш жеткинчектер бизди келечегибиз! Өлкөнүн тынчтыгы, айылдын коопсуздугу ар бирибиздин колубузда. Биз биргеликте ар кандай кылмыштын алдын алсак, жогорудагыдай бөөдө кырсыктан алыс бололу! Жергебизде ар дайым тынчтык болсун, касиеттүү өрүкзарыбыздын өнүгүүсүнө биргеликте салым кошолу! 

Булак:NazarNews.org

Последние новости