www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыгыш Африкада жайгашкан Уганда мамлекетинде крокодилдер айылдарга кирип, адамдарга кол салууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Акыркы кезде Угандада катуу жааган жамгырдан Уганда жана Конгонун чек арасында жайгашкан Альберт көлү жээгинен ташып, айылдагы үйлөргө чейин жеткен. Буга байланыштуу суу каптаган айылдарга көлдөгү крокодилдер да келип, бир аптада эле 4 кишиге кол салып, майып кылган. Жергиликтүү тургундар жапайы жаратылыш боюнча мамлекеттик ведомстволор жырткычтарды кармап, айылдан алып чыгат деп күтүшкөн. Бирок аталган уюм бул кырсыкка элди күнөөлөөдө.

"Эл көлгө баруусун токтотуусу керек. Көл корокодилдер жашай турган аймак", - дейт ведомствонун өкүлү Башир Янги.

Ал эми жашоочулар көлдүн суусуна муктаж экендигин билдирет. "Биз көлдүн суусуна көнүп калганбыз. Суу түтүктөрүнөн келген сууну ичүү үчүн гана колдонобуз, кала берсе андай сууну сатып алуу баарынын чөнтөгүнө туура келбейт", - дешет тургундар.

Белгилей кетсек, Альберт көлүндө узундугу 5 метрге жеткен Нил крокодилдери жашашат. Алар абдан агрессивдүү келип, носорог, акыра, арстан, буйволго чейин кол салып, жеп коюшу мүмкүн.

Булак: NazarNews.org

Последние новости