www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде 2000 жылдык гунн эстеликтери казылууда

Баткен районунун Андиген жайлоосунда I–II кылымдарга таандык эстеликтерде археологиялык казуу иштери уланууда. Бул тууралуу Баткен РИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, жумуштар гунндардын сөөгү коюлган тарыхый-археологиялык эстеликтер жайгашкан Самаркандек айыл аймагында жүргүзүлүүдө.

Самаркандек милиция бөлүмүнүн кызматкерлери археологиялык экспедициянын катышуучулары менен профилактикалык аңгемелешүү өткөрүштү. Аларга бири-биринин укуктарын сактоо, укук бузууларга жол бербөө жана коопсуздук чараларын көрүү зарылдыгы эскертилди. Тоолуу аймактагы жүрүм-турум эрежелерине жана кооптуу тилкелерге чыкпоо керектигине өзгөчө көңүл бурулду.

Учурда археологиялык топтун курамында 28 адам иштеп жатат. Алардын төртөө — жергиликтүү тургундар, калгандары — Баткен мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин студенттери.

Казуу иштери археолог, тарых илимдеринин кандидаты Хадича Ташбаеванын жетекчилиги астында жүргүзүлүүдө.

Последние новости