www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11–13-март күндөрү Баткен облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын катышуусунда команда-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу КР ӨКМнин маалымат кызматы МЧС Кыргызстана билдирди.
Өлкө башчысынын быйылкы жылга карата бекитилген Жарандык коргонуунун 2026-жылга карата даярдык планынын негизинде уюштурулган машыгуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилиги астында өткөрүлдү. Туруксуз аба-ырайынын шартында табигый кырсыктардын коркунучу кооптуулук жаратат. Мындай шартта бүгүнкүдөй машыгуулардын мааниси зор өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштеринде өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө чоң жардам бермекчи.
Машыгуунун алкагында кооптуу аймактарда жашаган калкты өз убагында көчүрүү, убактылуу жайгаштыруу шаарчасына жайгаштыруу, алгачкы кечиктирилгис чараларды көрүү аракеттери практика жүзүндө уюштурулду.
Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен Жарандык коргонуу кызматтары атайын сыйлыктарга ээ болду.