www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев Сокулук районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратын ачты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билдирди.
Иш-чарага жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Башкы прокурор жаңы имараттын пайдаланууга берилиши прокуратура органдарынын ишин мындан ары да сапаттуу уюштурууга жана жарандардын кайрылууларын ыкчам кароого өбөлгө болоорун белгилеп, укук коргоо системасын чыңдоого мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан системалуу колдоо катары өлкө аймагында прокуратура органдары үчүн бир катар жаңы административдик имараттар жана кызматтык турак жайлар курулуп жатканын маалымдады.
Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматтык бардык зарыл шарттар менен камсыздалып, мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга багытталган.