www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистан түндө Кандагардагы күйүүчү май сакталган жайга чабуул жасады. Бул туурасында Афганстандын руханий лидеринин маалымат катчысы Забиулла Можахед билдирген.
- Пакистандын армиясы Кандагар аэропортунун жанындагы Kam Air жеке авиакомпаниясына таандык күйүүчү май сакталуучу резервуарды аткылады. Бул компания башка жарандык авиакомпанияларды, ошондой эле БУУнун учактарын күйүүчү май менен камсыз кылып келген. Мындан тышкары, соккуга ишкер Хажы Ханзадага таандык жай кабылды, - деп айтылган маалыматта.
Забиулла Можахед билдиргендей, Пакистан мындан сырткары Кабулга, Кандагарга, Пактикага жана Пактияга да чабуул койгон.