www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-октябрда Баткен районунун Ак-Турпак айылында 8 жаштагы Б.К. аттуу баланы кутурган ит талап, оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Дарыгерлердин айтымында, бала Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө саат 15:00 чамасында жеткирилди. Ит анын башын, денесин талаган. Азыр башына операция жасалып, учурда наркоздон ойгоно элек.

Баланын атасы Кубат Пазыловдун айтымында, уулу ага талаага тамак алып келе жаткан учурда итке кабылган.

«Мен талаада иштеп жаткам. Балам үйдөн мага тамак алып келе жатканда жолунан ит чыгып тиштептир. Ит качып кетти. Шашып эле баламды ооруканага алып келдик. Уулум 3 баламдын эң чоңу. Кудайдан амандыгын, ден соолугун сурап отурам», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости