www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоомду башка нукка бурган, сүйүү сезимин таттырган ал адам мага 25 жашымда жолукту. Ага чейин өзүм бүткөн окуу жайда иштеп, өзүмө таандык бир бөлмөлүү үйүмдө жашап телегейим тегиздей эле. Башка кыздар сыяктуу мен да чоң сүйүүгө кабылсам, үй-бүлө күтүп бала-чакалуу болсом деп кыялдарым менен бактылуу болуп жүргөн күндөрүмдүн биринде Медер менен таанышып калдым. Күз эле. Жумуштан чыксам сыртта жаан жаап атыптыр. Кол чатырым да жок эле. Аялдамага жеткиче эле шөмтүрөп суу болуп калдым. Маршрутка көзүмдөн учуп 20 мүнөттөй турдум, чыйрыгып да чыктым. Аялдамада болсо менден башка жан жок. Бир убакта так жаныма терезелери караңгылатылган капкара унаа келип токтоду. Терезе ачылып, андан эңиле караган айдоочу мага:

- Чоң кыз, отуруңуз, жеткирип коёюн, үшүп калдыңыз окшойт,- деди жумшак жылмайып.  Көңүлүм чаппай турса да чыйрыга баштаган жаным эрксизден унааны көздөй кадам таштадым. Таанышып, жолду катар ар кайсыны сүйлөп келди. Анын ишканасы мен иштеген окуу жайдын жанында экен. Мени ошол тегеректен буга чейин деле 2-3 курдай көргөнүн айтты. Эшигимдин алдына чейин таштап койгон сапарлашым жагымдуу жылмаюусу менен менин эсимде калды.

Ошол күндөн баштап көз алдыма жаркылдап күлгөнү, жылуу көз карашы тартылып ага дагы бир жолугууну эңсечү болдум. Аялдама менен жумуштун ортосундагы жолдон элеңдеп анын машинасын издеген адат таап алдым. Кыздык намысым жол бербей кайсы жерде иштегенин тактап сураган эмес элем, окуу жайдын жанында жайгашкан имараттардын жанында токтоп турган машиналарды карайм...

Бир жолу да жумуштан чыгып адатымча анын машинасын издеп келатып кокусунан өзүн таап алдым. “Эмерек салону” деп жазылып турган чоң имараттын жанында эки киши болуп тамеки чегип турушуптур. Сүйүнүп кеттим. Анымды билдирбегенге аракет кылып сыр бербей келатсам, ал да көрүп калып мени көздөй басты.

- Кандайсың, Элмира? Сени аялдамадан издей берип көзүм тешилгидей болуп калды эле,-деп баягыдай жаркылдап жаныма келип, эски таанышындай бетимден өөп учурашты. Уялганымдан жүзүм албырып чыкты.

- Жумуштан чыктыңбы? Мен да кетейин деп аттым эле, каршы болбосоң дагы бир жолу үйүңө жеткирип коёюн?-деди. Мен каршы болмок белем. Канча күндөн бери издеп жүрүп эми тапсам... Бул жолу унаасына ишенимдүү отурдум. Эмнегедир үйдү көздөй айдабай шаар аралап жөнөдү.

- Экөөбүз тең жумуштан чыктык, бир жерден тамактанып алалы, - деди суроолуу. Унчукпастан баш ийкедим. Иши кылып аны менен узагыраак убакыт бирге болууну каалап турдум. Тамак үстүндө өзү тууралуу айтып берди. 40 жашта экенин, үй-бүлөсү, эс тартып калган уул-кызы бар экенин да жашырган жок. Чет жактан буйрутма менен эмерек алып келип сатат экен. Бул жолку жолугушуу мени Медерге дагы жакындаштырды. Жумшак мүнөзү, орундуу тамашалары, маданияттуулугу мага абдан жакты. Анын үй-бүлөсүнүн барына да кайыл болуп иши кылып эле ал адамдын жанында отурганыма бактылуу болуп аттым. 

Ошол күндөн баштап экөөбүз тез-тез жолугушчу болдук. Таанышканыбызга бир нече ай болсо да мен ага чырмалдым да калдым. Бул учурда экөөбүздүн мамилебиз тереңдеп, көңүлдөшкө айландык. Экөөбүз жумуштан кийин кезигебиз, сагынычыбызды таратып, дүйнөдөгү болгон жакшы сөздөрдү бири-бирибизге арнайбыз. Анын менин үйүмө келген күндөрчү? Ал күндөр мага чоң майрам эле. Тамакты түрлөп жасап, өзүм куурчактай жасанып күтүп турам. Акыры кыйылып кетиргим келбей атып түн жарымында араң коё берем. 

Ошентип мен үчүн бактылуу күндөр башыман өтүп атканда кош бойлуу экенимди билдим. Бул тууралуу Медер укканда төбө чачы тик турду:

- Алтыным, коё тур. Азыр сага төрөгөнгө болбойт. Мен бир жаңсыл болуп аялым менен ажырашайын, баш-аягымды жыйнайын... Анын андан аркы сөздөрүн азыр так эстей албасам да экөөбүздүн узакка талашып-тартышуубуздун жыйынтыгында мен боюман алдырмай болдум.

Охх... бойдон алдыруунун азабын сөз менен түшүндүрүп жеткире албасмын. Мындай күндү башыман өткөрбөгөн жаным ичимен бирөө бир кесим этти тирүүлөй кесип таштагандай сезимде болдум.

Кубарып, өңүмөн азган кебетемди көргөн Медер мени бооруна кысып сооротту: - Биздин келечек алдыда. Буюрса, экөөбүз кө-өп балалуу болобуз. Бизде баары жакшы болот,-дейт.  Көпкө чейин дарылатып, көзүмдүн кареги менен тең айланып жүрдү. Сүйүүгө, Медердин бул жылуу сөздөрүнө балкыган мен ал кезде баламан айрылганымды, чоң катачылык кетиргенимди терең аңдап-түшүнгөн деле жокмун. Боюман алдыргандан кийин мамилебизде эч кандай өзгөрүү деле болгон жок. Мурдагыдай сагынышканда жолугуп, 2-3 күндөп чет жакка чыгып эс алып, тирүүлүктүн түйшүгүн унутта калтырып сайрандап жүрдүк. Медер мындан кийин кош бойлуулуктан сактанышыбыз керектигин айткан. Бирок такай сактанбагандыктан дагы кош бойлуу болуп калдым. Бул жолу эмнегедир төрөгүм келди. Ошон үчүн да Медерге айтпай жүрүп кыйылып атып түйүлдүккө эки ай болуп калганда угуздум. Тилекке каршы билгенимдей эле анда да колдоо тапканым жок.

Адаттагыдай сөздү алыстан баштап:

- Азыр... эми... үйдөн чыгып кетейин десем балдарым өткөөл куракта. Алар азыр мындай соккуну көтөрө алышпайт. Билесиң го, мен деле балдарым үчүн эле ал үйдө араң жүрөм. Оюма койсо сенин жаныңан карыш жылгым келбейт.

- Анда мен бул баланы алдырбай эле төрөй берейин, экөөбүз кийин деле үйлөнөбүз... –деп ырыстуу жооп күтүп жалдырайм.

- Ушунча чыдаган жаның эми дагы бир аз чыдап тур. Баланын деле толук кандуу үй-бүлөдө төрөлгөнү жакшы. Азыр сен жашсың, ден соолугуң жакшы, буюрса, дагы көп жолу боюңда болот. Бир аз чыдап турчу, жаным?

Анын бул жолку суранычын да четке кага албадым. Тирүүнүн тозогуна өзүмдү дагы бир жолу малдым. 

Медер экөөбүздүн мамилебизге төрт жыл дегенде аялынын кулагына жетиптир. Аялынын акылына, айкөлдүгүнө таң бердим. Атырылып келип менин бетиме түкүргөн жок, Медердин да жүрөгүн ооруткан орой сөздөрдү айтпаптыр.

Болгону: “Ошол аялда көңүлүң болсо жашай бер, мен сени бала менен кармай албайм. Ар бир адам бактылуу болууга тийиш”,- дептир.

Мындайды таппай эле турган Медер кийимдерин чогултуп үйүнөн чыгып кетти. Анын бул кадамы менин бактылуу жашоомдун башаты эле. Экөөбүз бир үй-бүлө болгондон бери телегейим тегиз, чечекейим чеч. Аны кубантуунун, күлдүрүүнүн жолун издейм. Кескин бурулушка өзү деле даяр эмес бейм, башында чүнчүп, түнөрүп жүрдү. Мага билдирбегенге аракет кылганы менен балдарын сагынып атканын билип эле жүрдүм. Айтымында балдарына деле кыйын болуптур. Мектепти бүтүп, атасынын колдоосу керек болуп турган учурунда атасынын мындай кадамына баласы таарынып жүрүп жазылса, кызы көпкө чейин атасына сүйлөбөй жүрдү.  Ал эми экөөбүздүн жашообуз эл катары улана берди. Каалаганымды жейм, каалаганымды кием... Жаңы салынган элиталык үйлөрдүн биринен эки бөлмөлүү батир сатып алып көчүп барганбыз. Үйүбүздүн ичи кымбат баалуу буюмдарга толгон.

Бирок... Канчалык күтсөк да баягы кол менен жасап алчудай болгон бала боюма бүтпөй атты. Мен барбаган доктур, эмчи-домчу калган жок. Медер экөөбүздүн турмуш курганыбызга он жылга чамалап калды, бирок, кош бойлуу болом деген үмүт менден улам алыстап карааны көрүнбөй бараткансыйт. Өз күнөөсүн сезип жүрөбү же менин төрөшүмө каалоосу жокпу, менин төрөбөй жүргөнүмдү күйөөм анчалык деле маселе кыла бербейт. Мен эле өзүмдү-өзүм жей берем. Баягыда чечкинсиздик кылганыбызды ойлоп өзүмдү жемелейм. Макул, ал го эки анжы ойдо болсун.

Мен эмнеге “жок, бул бала сага кереги жок болсо мага керек! Төрөйм!” деп чечкиндүү айткан жокмун? Эмне үчүн анын алдамчы, таттуу сөздөрүнө алдандым? Азыркы акылым ошондо болгондо, балким анын үй-бүлөсүн таштап мага келишине деле кайыл болуп төрөп алат белем... Ошондо жок дегенде бирөөсүн боюмдан алдырбасам, азыр 12-13кө келип калмак экен.

Айтор, жоопсуз суроолор азыр мээмди мите курттай кемирип келет. Сиздерге баласы жок үйдү кантип сүрөттөп айтып берсем экен? Тунжураган тынчтык... Адамды чыйрыктырган муздак үй... Баштагыдай шатыра-шатман мүнөзүбүз өзгөрүп экөөбүз тең түнт тартып бараткандайбыз. Кээде тамак үстүндө аркы-берки тааныштарды, жумуштагы жаңылыктарды кеп кылганыбыз болбосо, ортобузда сөз деле калбагансыйт. Баягы жалбырттаган сүйүүнүн илеби бара-бара суу сепкендей салкын тартып баратты. Ортодо бала болбосо бүлө болгонуңдун бир тыйынчалык баркы жок экен. 

Медердин уулу үйлөнүп балалуу да болгон. Бир күнү кызынын турмушка чыгып жатканын жаңылык кылып айтып келди. “Ата, тоюма келип апамдын жанында туруп бериңиз, суранам. Кайын журтум мени атасы жок кыз катары кабыл алышын каалабайм” деп жазып жиберген смс билдирүүсүн да окутту.

Кыздын акылын мен да туура көрүп:

- Бар, атасы болгондон кийин кантип карап турат элең? -дедим чын көңүлдөн. Мен аны той күнү эле барат деп ойлогом. Медер болсо тойдун камылгасына толугу менен аралашып алды. Тойго даярдык көрдүк деп түн жарымында келет же эртеси келет. Ал күндөрү менин абалым аштан чыккан томуктай эле. Ичимде кызганыч оттой жанып, аялдык ич күйдүлүгүм ичиме батпай ызамды ыйдан чыгарам. Акыры мен үчүн азап болгон күндөр бүтүп кызынын тою да өттү. Бирок чыныгы азап ошондон кийин башталды. Мага жагымсыз жаңылыкты күйөөмдөн эмес, аяштарымдан уктум.

Көрсө, тойго келген тууган-туушкандары: “Эми уул-кызыңар үй-бүлө куруп кетишти. Эки бөлөк жашап бири-бириңдин баркыңды деле билгендей болдуңар. Кеткен кемчилдиктерди унутуп элдешкиле. Элмира деле жаман эмес, бирок ортодо бала болбогондон кийин жашоонун маңызы кайсы?..” деген кептерди айтышыптыр.

Аялынын деле көңүлү бар өндөнөт, так секирип каршылык көрсөтпөптүр. Акырында кызы: “Ата, байкем экөөбүз турмуш куруп кеттик. Апамды эми сизге табыштайбыз. Мындан аркы жашоосунда капа кылбай күтүп алыңыз”,-деген экен.

Бул сөздөрдү укканда нес абалда калдым. Кечинде келгенде аяштарымдан уккан сөздөрдүн чын-бышыгын сурасам: “Ооба, ошентип атышат”,-деди оозу бош.

“Сен эмне кылайын деп атасың?”-десем:

“Билбейм”,-деди адатынча чечкинсиз.

Бирок мага Медер кетип калчудай эле сезилип жатат. Кетпегендечи? Экөөбүздү бириктирген же балабыз болбосо, же мен анын мыйзамдуу аялы болбосом... Ушунча жылдан бери башка күйөөгө тийбей, үйүн-үй, жайын-жай кылып, казанын бөксө кайнатпай, кайын журтунан кол үзбөй жүргөн аялына кайра барса деле жарашканы турат.

А менчи? Медердин шартына, көңүлүнө карап жүрүп катар-катар боюман алдырып ден соолугумду талкалап төрөбөс болуп отуруп калдым. Эми же баладан же күйөөдөн жок кур каламбы? Аны кантип кармап калам? Дегеле кармап калуунун кажети барбы? Же качан балдарына, неберелерине басып кетет деп күн санап сары санаа болуп жашагандан көрө коё берсемби? Мага сиздин кеңешиңиз керек, урматтуу окурман! 

Элмира, Бишкек шаары

Булак: "Леди"

Последние новости